1-класска электрондук каттоо башталды
1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО БАШТАЛДЫ
“2023-2024 окуу жылына карата республика боюнча 1-класстар үчүн 186 миң 201 квота каралган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 20 миң квотага көп”, — деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында.
Ал эми биздин мектепте 64 орунга квота бөлүнгөн. Андыктан Кайыңды шаарынын тургундарына кайрылабыз: кыргыз тилинде окутуу Кайыңды 3 ЖББОМин тандоо менен электрондук турдө арыз таштайсыздар.
10.04.2023. саат 9:00дө юридикалык жашаган жери боюнча 1-класска мектепке электрондук каттоонун биринчи этабы башталды. Биринчи этапта тургундар жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этапта дарегине карабай (26-июндан 31-августка чейин) каттоого тура алат. Быйыл 1-класска 2016-жылы төрөлгөн балдар барат. Буга байланыштуу каттоого 2016-жылы төрөлгөн балдар турууга тийиш
Мектепке электрондук каттоодо мыйзамдуу жеңилдикке (артыкчылыкка) ээ болгон жарандар бар.
Алар:
Аскер кызматкерлеринин балдары;
Кайрылман статусу бар этникалык кыргыздар;
Үстүбүздөгү жылдын сентябрына карата бир жылдан кем эмес мектепте иштеген мугалимдердин жана штаттык кызматкерлердин балдарына.
Аталган жарандар аскер кызматында, мектепте иштегенин жана кайрылман статусу бар экендигин тастыктаган маалыматкатты тиркөөгө тийиш.
Бүгүнтөн тарта жарандарга кеңеш берүү үчүн акысыз чалуу борбору (110 телефону) иштей баштады.
Чалуу борбору дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө дейре чалууларды кабыл алат.
Комментарии