Өзгөчө балдарды окутуу боюнча семинар
2023-жылдын 4-апрелинде райондогу жашаган, мектеп жашындагы өзгөчө балдарды окутуу боюнча мугалимдер үчүн тажрыйба алмашып, методикалык жардам көрсөтүү максатында семинар болуп өттү. Семинарды»Кожо-Ата» коомдук фонду жана «Волд Шей» копорациясы өткөрүп балдарга таттууларды, келген мугалимдерге белектерди тартуулашты.
Биздин мектептин жамаатына аталган коом уюштуруу иштери үчүн ыраазычылык кат беришти. Мектеп жамаатынын атынан сиздерге да ыраазычылык билдиребиз
Мектептин актовый залын жасалгалап уюштуруу иштерине көмөк көрсөткөн Окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Шейшенкул кызы Назирага жана мугалимдер жамаатына, семинар учурунда өзгөчө балдар менен аралашып алардын иштерине көмөк көрсөткөн 7-б класстын окуучуларына да ыраазычылык билдиребиз
Балдардын келечеги кең болуп, ден соолугу чың болушсун🙏
#кайынды3
https://www.instagram.com/p/Cqz8rwDNnTl/?igshid=MDJmNzVkMjY=
Комментарии